Тимурлан Ажымалиев Беларусь элчиси Сергей Молунов менен жолугушту

Коом 649 07 Февраль 2025 14:29
476811447_925954253029665_5634970463510880329_n.jpg
476093771_925954333029657_9088408049984288597_n.jpg
475796920_925954349696322_2518715394312583987_n.jpg
Алдыга
Артка
476811447_925954253029665_5634970463510880329_n.jpg
476093771_925954333029657_9088408049984288597_n.jpg
475796920_925954349696322_2518715394312583987_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молунов менен жолугушуу өткөрдү.

Маданият мирнистрлигинен билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, өзгөчө төмөнкү маселелерге көңүл бурушту:
- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;
- КМШ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү;
- Маданий жана гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү кеңейтүү.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташуунун жогорку деңгээлин жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон өз ара даярдыгын баса белгилешти.