Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Азербайжан президенти Түрк мамлекеттер уюмунун диний башкармалыктарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Азербайжан президентинин сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди, Түрк мамлекеттер уюмунун Мусулман диний башкармалыктарынын жетекчилер кеңешинин мүчөлөрүн жана байкоочуларын, Яхья Бакувиге арналган эл аралык конференциянын тең уюштуруучуларын, ошондой эле Кавказ элдеринин Жогорку диний кеңешинин мүчөлөрүнөн турган делегацияны кабыл алган.
Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, түрк мамлекеттеринин ортосундагы ар тараптуу интеграциянын жана биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде делегация мүчөлөрү көрсөтүлгөн меймандостук жана түрк элдеринин руханий баалуулуктарын жайылтуу багытындагы демилгелерге берилген колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти.