Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск кайрадан дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башына чыкты. Бул тууралуу Forbes журналынын баалоосуна таянып, Известия билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, Масктын байлыгы акыркы бир жыл ичинде дээрлик эки эсеге өсүп, 839 миллиард долларга жеткен. Мунун аркасында ал экинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай адам аталды.
Экинчи орунга Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж чыкты. Анын байлыгы 257 миллиард доллар деп бааланууда. Үчүнчү орунду Google компаниясынын дагы бир негиздөөчүсү Сергей Брин ээледи. Анын капиталы 237 миллиард долларды түзөт.
Ал эми Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 2016-жылдан бери биринчи жолу алдыңкы үчтүккө кирбей, 224 миллиард доллар байлыгы менен төртүнчү орунга түштү. Бешинчи орунду Meta компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг ээледи. Анын байлыгы 222 миллиард доллар деп бааланууда.
Журналдын маалыматы боюнча, 2026-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин саны кыйла көбөйгөн. Учурда тизмеде 3428 миллиардер бар. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 400 адамга көп.
Мындан тышкары, миллиардерлердин жалпы байлыгы 20,1 триллион долларга жетип, бир жыл ичинде 4 триллион долларга көбөйгөн. Орточо эсеп менен ар бир миллиардердин капиталы 5,8 миллиард долларды түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылы 5,3 миллиард доллар болгон.
Белгилей кетсек, Forbes журналы буга чейин Илон Маск тарыхта биринчи болуп 800 миллиард доллардан ашкан байлыкка ээ болгон адам экенин билдирген.