Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Илон Маск чип чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, завод Tesla, SpaceX жана xAI үчүн чиптерди өндүрө баштайт. Бул үчүн миллиардер Техас штатында дүйнөдөгү эң ири микросхема заводун курууну көздөп жатат. Долбоор Terafab деп аталып, анын баасы 25 млрд долларды түзөт. Завод жылына 200 миллиардга чейин чип чыгарууга жөндөмдүү болот деп айтылууда.
Чиптер эки түргө бөлүнөт: биринчиси — Tesla чыгарган унаалар жана роботторго арналат. Экинчиси — SpaceX космостук долбоорлору үчүн колдонулат.
Жай айларында компания 50 млрд долларга чейин каражат тартууну көздөп жатат.