Илон Маск ChatGPT’ни түзүүчүлөрдү 100 млрд долларга сотко берди

Дүйнө Загрузка... 19 Январь 2026 19:04
1.jpg_2025_01_20_19_55_46.jpg_2025_12_11_20_16_03.jpg_2025_12_20_22_34_40.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Илон Маск ChatGPT’нин артында турган OpenAI компаниясын сотко берип, 109,4 млрд долларга чейин кенемте талап кылды. Масктын айтымында, ал OpenAI’дын негиздөөчүлөрүнүн бири катары компанияга алгачкы инвестицияларды жумшап, анын өнүгүшүнө салым кошконуна карабастан, компаниядагы үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратылган. OpenAI бул айыптоолорду четке кагууда. Бул тууралуу Bloomberg жана башка америкалык медиалар кабарлашууда.

Масктын эксперттери ал OpenAI’га 38 млн доллар инвестиция салганын, бул азыркы баа менен 65,5-109,4 млрд долларлык үлүшкө барабар экенин билдиришти. Мындан тышкары, ал Microsoft’тон 13-25 млрд доллар талап кылууда, анткени корпорация жасалма интеллекттен негизги пайданы көрдү деп эсептейт.

Доо арызында Маск болуп жаткан окуяларды алгачкы келишимди "одоно бузуу" деп атады: OpenAI 2015-жылы "адамзаттын жыргалчылыгы үчүн" коммерциялык эмес долбоор катары түзүлгөн, ал эми азыр, анын айтымында, ири бизнестин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.

OpenAI болсо Маск өз убагында компанияны толук көзөмөлдөөнү талап кылганын, атүгүл аны Tesla менен бириктирүүнү сунуштаганын билдирди. Ошондой эле 2018-жылы компаниядан кеткенден кийин эми сот аркылуу өзүнүн xAI стартапына жана Grok чат-ботуна атаандаш болгон компанияны алсыратууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Сот ишти жабуудан баш тартты: процесс апрель айында башталышы күтүлүүдө.