Көңүл буруңуз! Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү изделүүдө

Укук тартиби Загрузка... 02 Март 2026 11:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Милиция жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранды издөөдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Сокулук районунун социалдык кызматкери арыз менен кайрылып, анда ушул жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталганын билдирген.

Бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка өзүн "Турат" деп тааныштырган адам шектелүүдө. Маалыматка ылайык, изделип жаткан адам 1979-жылы туулган Жумаев Турат Касымович деген ысымды колдонушу мүмкүн экени аныкталды.

Учурда анын дарегин аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Изделип жаткан адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды тез арада жакынкы милиция бөлүмүнө же "102" кыска номерине жана 501 93 55 34, 0313 26 62 61 номурларына кабарлап коюуну өтүнөбүз. Анонимдүүлүк жана сыйлык акы кепилденет", - деп айтылат маалыматта.