ИИМ: Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалды

Укук тартиби 11 Февраль 2026 16:00
630382624_1300879095394422_7747323882887313270_n (1).jpg
628345691_1300879102061088_882660100627477923_n (1).jpg
631106556_1300879118727753_2307224696031792129_n (2).jpg
Алдыга
Артка
630382624_1300879095394422_7747323882887313270_n (1).jpg
628345691_1300879102061088_882660100627477923_n (1).jpg
631106556_1300879118727753_2307224696031792129_n (2).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына “президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү менен 75 жарандын кайрылуусу жолдонду, ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон” деген маалымат тараган.

Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келип, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандардын жашаган даректерине тинтүү жүргүзүлдү. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Ички иштер министрлиги жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө жана аларды таратпоого чакырат.