ИИМ эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк 3 жаранды кармады

Укук тартиби Загрузка... 05 Март 2026 14:55
646716705_1319094670239531_8959569110278038892_n.jpg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк 3 жаранды кармады.

Ведомстводон билдиришкендей, Казакстан тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана ири өлчөмдөгү (183,6 млн теңге) мүлк уурдоо боюнча издөөгө алынган 1971-жылы туулган Л.С.В. Бишкектен кармалды.

Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү боюнча издөө жарыяланган 1986-жылы туулган О.Ч. Бишкектен кармалды.

Ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык (8,3 млн рубль) үчүн издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган К.Д.М. Чолпон-Ата шаарында колго түштү. Ал Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөнү аныкталды.