ИИМ: Алдамчылыкка шектелген "жалган" милиция кызматкери кармалды

Укук тартиби 25 сентябрь 2025 15:55
553047406_1188754123273587_2134801644492571849_n.jpg
554754600_1188754146606918_3208292742562715474_n.jpg
555063274_1188754126606920_2531781481496293224_n.jpg
Алдыга
Артка
553047406_1188754123273587_2134801644492571849_n.jpg
554754600_1188754146606918_3208292742562715474_n.jpg
555063274_1188754126606920_2531781481496293224_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Алдамчылыкка шектелген "жалган" милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМге О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн "милициянын майору" катары тааныштырып 2024-жылдан бери Кореядан унаа алып келип берем деп алдоо жолу менен анын акчасын ээлеп алган адамга карата чара көрүүнү суранган.

Андан тышкары, акчаны кайтарууну талап кылган учурда арыздануучунун денесине залал келтирип, интим сүрөттөрүн жайылтуу менен коркуткан.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган М.Э. аттуу "жалган" милиция кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары улантылууда.