ИИМ айдоочуларды чарчаңкы абалда унаа айдабоону эскертип, эрежелерди так сактоого чакырды

Коом 1182 09 Январь 2026 10:52
611364887_1273920408090291_2257891949338575941_n.jpg
612205055_1273920368090295_4273904670250527710_n.jpg
Алдыга
Артка
611364887_1273920408090291_2257891949338575941_n.jpg
612205055_1273920368090295_4273904670250527710_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 09.01.10. /Кабар/. Майрамдарда жана дем алыш күндөрү жолдордо унаалар көбөйөт. Көптөгөн айдоочулар иш күнүнөн кийин же кечинде жолго чыгып, өзүнүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалашат.

Ал арада Ички иштер министрлиги айдоочунун чарчаганы жол кырсыктарынын жашыруун, бирок эң кооптуу себептеринин бири экенин эскертет. Анткени жолду убактылуу көзөмөлдөй албай калуу оор кырсыктарга алып келет. Айдоочу унаа айдап бара жатып болгону 2-3 секундага уктап кетсе да, унаа ошол убакытта ондогон метр аралыкты өтүп кетет.

Айрыкча түнкү убакта балдарды ташуу кооптондурат. Майрам күндөрү милиция кызматкерлери жаш балдарды атайын кармоочу отургучсуз баратканын, баланы чоңдордун астына отургузуп же арткы орундарда коопсуздук курсуз ташып жүргөнүн аныкташат.

Мындан улам министрлик унаа дароо токтогондо же жол кырсыгы болгондо чоң киши баланы колунда кармап кала албай каларын, ал эми унаа отургучунун жоктугу оор жаракат алуу жана өлүм коркунучун бир нече эсе жогорулатарын белгилейт.

Жолдогу жүргүнчүлөрдүн, айрыкча балдардын өмүрү жана коопсуздугу ар кандай майрамдык даярдыктардан жана шашылыш иштерден да маанилүү экенин унутпаңыз.

Айдоочуларга сунуштар:

  • эс алууну эске алуу менен сапарларды мерчемдеңиз;
  • чарчап же уйкусурап жолго чыкпаңыз;
  • жолдо жүргөндө эс алуу тыныгууларын жасаңыз;
  • балдарды ташууда коопсуздук эрежелерин так сактап, атайын кармоочу отургучтарды колдонуңуз.