Ичкилик, жумушсуздук, кайдыгерлик: Баткенде үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери айтылды

Аймак 05 Февраль 2026 16:27
627766206_1438900557603395_2019797617720722456_n.jpg
625095939_1438900467603404_7844851586709663804_n.jpg
625558745_1438900367603414_8148281845386916173_n.jpg
626155058_1438900414270076_6992650509113067095_n.jpg
626421721_1438900447603406_91355180635285359_n.jpg
626450560_1438900394270078_4624931232295258936_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Баткенде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган көчмө жыйындар өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилиги астында өтүп жаткан жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери кеңири талкууланды.

Адистердин маалыматына ылайык, акыркы жылдары зордук-зомбулук фактыларын жашырбай, ачыкка чыгаргандардын саны өсүүдө. Тактап айтканда, социалдык тармактар аркылуу же түздөн-түз укук коргоо органдарына кайрылып, фактылар расмий каттоого алынууда.

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун негизги себептери катары ичкилик, жумушсуздук, миграция жана коомдогу кайдыгерлик факторлору белгиленди.

Жаныбек Исаков зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик, милиция жана коомдук уюмдар тыгыз кызматташуусу керектигин айтты.

Ошондой эле бул багытта жергиликтүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.