Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Хорватиянын Риека шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун кеңсеси ачылды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган кеңсе өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын консулдук-укуктук жактан колдоого багытталган ишмердүүлүгүн баштайт.
Иш-чарага Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков, Риека шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Боян Шиканич жана башка тиешелүү жактар катышты.
Консулдук кеңсенин ачылышы Кыргызстан менен Хорватиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, региондор аралык байланыштарды активдештирүүгө жана мамлекеттик, ишкердик структуралардын өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Расмий бөлүк аяктагандан кийин Венгриядагы элчилик тарабынан Кыргызстан тууралуу өлкөнүн жаратылыш-туристтик, маданий жана экономикалык потенциалын чагылдырган презентация сунушталды.