Хоккайдодо 6,2 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 27 Апрель 2026 09:15
WhatsApp Image 2026-04-27 at 08.44.26.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Япониянын Хоккайдо аралында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.

Маалыматка ылайык, силкинүүлөр 27-апрелде таңкы саат 05:24тө катталган. Токати аймагында жер титирөөнүн күчү жети баллдык шкала боюнча “күчтүү 5” деңгээлине жеткен. Мындай силкинүүдө адамдарга тең салмакты сактоо оор болот. Зилзаланын очогу болжол менен 83 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек. Hokkaido Electric Power Company билдиргендей, “Томари” атомдук электр станциясы кадимки режимде иштеп жатат жана эч кандай бузулуулар катталган эмес.

Белгилей кетсек, бул жер титирөө сейсмикалык активдүүлүк күчөгөнү тууралуу мурда берилген эскертүүнүн фонунда болду. Мындай эскертүү бир жума мурда Аомори префектурасы аймагында 7,7 баллдык күчтүү жер титирөөдөн кийин жарыяланган. Хоккайдо жети аймактын катарына кирип, учурда жогорку даярдык режими сакталууда.