Бишкек, 12.02.25. / Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-февралына карата дүйнөдөгү эң ири муз жана кар оюн-зоок паркына 3 миллиондон ашык адам келген, бул тарыхтагы рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги парктын администрациясынын маалыматына таянуу менен жазды.
Агенттик белгилегендей, Харбиндеги улуу муз жана кар оюн-зоок паркы Кытайдын кышкы кооз жерлеринин бири катары белгилүү. Быйыл парктын жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн.
Парк муз шаары деп аталып, жалпысынан 300 миң куб метр кар кеткен. Ал жерде бир катар интерактивдүү кышкы аттракциондор, ири кар бүртүгү сыяктуу формадагы муз лабиринти жана муз тебүүчү аянтчалар бар.
Эске салсак, Харбин шаарында IX Кышкы Азия оюндары өтүүдө. Ага Азиянын 34 өлкөсүнөн жана региондорунан 1270тен ашык спортчу катышууда.