Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили диний майрамга байланыштуу 159 адамга ырайым берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы билдиргенин, Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Грузиянын президенти Конституция тарабынан берилген өзгөчө ыйгарым укуктарды колдонду.
Ырайым гуманизм жана мамлекеттик кызыкчылык принцибине негизделгендиги белгиленет.