Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе “Ынтымак Ордого” келди — Кабар

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе “Ынтымак Ордого” келди

Саясат 12 июнь 2026 10:02
photo_5287566566784440371_w.jpg
photo_5287566566784440370_w.jpg
photo_5287566566784440369_w.jpg
photo_5287566566784440368_w.jpg
photo_5287566566784440367_w.jpg
photo_5287566566784440366_w.jpg
photo_5287566566784440365_w.jpg
photo_5287566566784440364_w.jpg
photo_5287566566784440376_w.jpg
photo_5287566566784440375_w.jpg
photo_5287566566784440374_w.jpg
photo_5287566566784440373_w.jpg
photo_5287566566784440372_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5287566566784440371_w.jpg
photo_5287566566784440370_w.jpg
photo_5287566566784440369_w.jpg
photo_5287566566784440368_w.jpg
photo_5287566566784440367_w.jpg
photo_5287566566784440366_w.jpg
photo_5287566566784440365_w.jpg
photo_5287566566784440364_w.jpg
photo_5287566566784440376_w.jpg
photo_5287566566784440375_w.jpg
photo_5287566566784440374_w.jpg
photo_5287566566784440373_w.jpg
photo_5287566566784440372_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе “Ынтымак Ордого” келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, өкмөт башчыны президент Садыр Жапаров тосуп алды. Эки өлкөнүн гимндери жаңырууда. Сапардын жүрүшү “Ала-Тоо 24” телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Алдыда тараптардын жолугушуусу өтүп, бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлат.

Белгилей кетсек, Грузиянын премьер-министри күн мурун Кыргызстанга келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган.