Грецияда токой өртүн өчүрүп жаткан эки тик учак абада сүзүштү

Дүйнө Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 11:30
2611a7260fa4.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Грециянын борбору Афинанын батыш тарабында ири токой өртүн өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү тик учак абада кагышып кетти. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, кагылышуудан кийин тик учактардын бири күйүп, кулап түшкөн. Экинчиси конууга мажбур болгон.

Эки тик учактын тең учкучтары Румыниянын жарандары, ал эми жардамчы учкучтары Грециянын жарандары экени маалымдалды.

Бир экипаждын мүчөлөрү табылып, ооруканага жеткирилди. Экинчи экипаждын эмне болгону азырынча белгисиз. Окуядан кийин куткаруу-издөө иштери жүрүп жатат.