Google ден соолук боюнча жасалма интеллект түзгөн баяндамалардын кээ бирин өчүрдү

Дүйнө Загрузка... 12 Январь 2026 16:36
1474143055_0_155_51.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Google жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн ден соолукка байланыштуу медициналык баяндамалардын кээ бирин өчүрдү. Бул тууралуу Guardian гезитине шилтеме берип, РИА Новости билдирди.

Маалыматка караганда, ал материалдарда ден соолукка зыян келтире турган жалган маалыматтар камтылган.

"Google жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн ден соолукка байланыштуу медициналык баяндамаларынын айрымдарын Guardian гезитинин иликтөөсүнөн кийин алып салды, анда жалган жана адаштыруучу маалымат адамдарды коркунучка алып келери аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Январь айынын башында Guardian гезити Google'дун жасалма интеллект түзгөн баяндамаларындагы ден соолукка байланыштуу жалган жана адаштыруучу маалыматтары адамдарды коркунучка кептей турганын кабарлаган.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай материалдардын биринде уйку безинин рагы менен ооруган адамдарга майлуу тамактардан баш тартуу тууралуу туура эмес кеңеш берилген. Бирок, эксперттер бул сунуш ооругандар үчүн өлүм коркунучун жогорулатышы мүмкүн деп айтышкан.

Белгиленгендей, Google'дун жасалма интеллектиси боордун негизги анализдери жөнүндө да жалган маалымат берген, бул боордун олуттуу оорусу бар адамдардын өздөрүн ден соолугу чың деп жаңылыш ойлошуна алып келиши мүмкүн.