Гольфстрим агымы бузулса, Жердин температурасы жогорулайт – окумуштуулар

Дүйнө Загрузка... 10 Апрель 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-04-10 at 09.23.06.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Гольфстрим агымынын бузулушу климаттык катастрофага алып келип, глобалдык жылуулуктун ылдамдыгын күчөтөт. Бул тууралуу Потсдам климат изилдөө институту окумуштууларынын маалыматына таянып, Известия билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, ал глобалдык жылуулукка кошумча 0,2°C кошот. Адистер компьютердик моделдөө аркылуу бул маанилүү агым бузулса, океандын терең катмарларында сакталган ири көлөмдөгү көмүртек сыртка чыгып кетерин аныкташкан.

Температуранын мындай өзгөрүшү Түштүк океандагы суу агымдарынын аралашып кетүүсү менен түшүндүрүлөт. Натыйжада көмүртекке бай терең катмар суу үстүнө чыгып, атмосферага бөлүнөт.

Окумуштуулар белгилегендей, Гольфстримдин бузулушунун таасири дүйнөнүн ар кайсы аймактарында ар башкача болот. Европада аба ырайы сууктап, Түндүк жарым шарда жалпы температура төмөндөшү мүмкүн.

Ошол эле учурда түштүк аймактарда тескерисинче жылыйт. Мисалы, Антарктида аймагында абанын температурасы 6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Айрым түштүк полярдык аймактарда болсо 7 градуска чейин суук болушу ыктымал.