Глобалдык жылуулуктун айынан 180 миңге жакын мөңгү жоголушу мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 16 Декабрь 2025 14:30
WhatsApp Image 2025-12-16 at 13.26.46.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.12.25 /Кабар/. Эгер глобалдык жылуулук улана берсе, Жер шарында жыл сайын 2 миңден 4 миңге чейин мөңгү эрип, кылымдын аягына чейин алардын саны кескин азая тургандыгын европалык жана америкалык климатологдор эскертишүүдө. Бул тууралуу Politico басылмасы Швейцариянын Жогорку техникалык мектебинин изилдөөчүсү Ландер фон Трихтке таянып билдиргенин, Известия жазды.

Анын айтымында, бийиктиги төмөн же жылуу аймактарда жайгашкан тоо мөңгүлөрү мында эң алсыз болуп саналат. Алардын катарына Альп тоолорундагы, Кавказдагы жана Түндүк Америкадагы Скалист тоолорундагы мөңгүлөр кирет.

Климатологдордун изилдөөлөрүнө ылайык, эгер XXI кылымдын аягына чейин Жердеги орточо температура +4 градуска чейин жогоруласа, учурда бар мөңгүлөрдүн дээрлик баары жоголушу мүмкүн. Атап айтканда, дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы саны 200 миңден 18 миңге чейин кыскарышы ыктымал.

Эң чоң жоготуулар Альп, Скалист, Анд тоолорунда жана Кавказда байкалууда. Бул аймактарда жакынкы 10-20 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн жарымынан көбү жок болуп кетиши мүмкүн.

Окумуштуулар климаттын өзгөрүшү боюнча карап чыккан сценарийлерге ылайык, эң жакшы шартта 2041-жылы жылына 2 миңдей мөңгү жоголот. Ал эми эң коркунучтуу сценарий боюнча бул чек 2055-жылга жылып, жыл сайын 4 миңге чейин мөңгү жоголот. Натыйжада кылымдын аягында суук деген аймактарда гана18 миң мөңгү сакталып калат.

Ал эми мөңгүлөрдүн мындай азайышы экосистемаларга жана таза суу жеткиликтүүлүгүнө олуттуу зыянын тийгизери бышык. Маселен, Борбордук Европада 3,6 миң альп мөңгүнүн болгону 20сы гана калат, АКШнын Скалист тоолорунда мөңгүлөрдүн 99 пайызы жоголот, ал эми Борбор Азияда жана Анд тоолорунда тиешелүүлүгүнө жараша 94-96% мөңгү жок болот. Окумуштуулар мындай кесепеттердин алдын алуу үчүн глобалдык жылуулукка каршы күрөштү күчөтүү зарыл экенин баса белгилешет.

Ошондой эле Science Daily журналы 1-декабрда Туэйтс мөңгүсү тездик менен алсырап жатканын билдирген. Изилдөөлөргө ылайык, мөңгүнүн жээгинде төрт баскычтан турган бузулуу процесси аныкталган. Алгач муздун кыймыл багыты боюнча узун жаракалар, андан кийин кыска, туурасынан кеткен жаракалар пайда болгон. Бул көрүнүш муз агымын ылдамдатып, бузулуу процессинин күчөшүнө алып келген. Ал эми бузулуудан кийин агым дагы да ылдамдаган.