Бишкек, 22.01.26 /Кабар/. Apple компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат бренддердин рейтингинде дагы бир жолу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Brand Finance уюмунун “Global 500 - 2026-жылдагы дүйнөдөгү эң баалуу 500 бренд” аттуу баяндамасында айтылганын, Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, Apple брендинин наркы 607,6 миллиард долларга жетип, өткөн жылдагы 574,5 миллиард долларлык көрсөткүчтөн ашты.
Рейтингде экинчи орунду Microsoft компаниясы ээледи. Анын бренди 565,3 миллиард доллар деп бааланат. Үчүнчү орунда Google турат, анын наркы 433,1 миллиард долларды түздү. Белгилей кетсек, 2025-жылы Microsoft 461,1 миллиард доллар, ал эми Google 413 миллиард доллар деп бааланган.
Ошондой эле дүйнөдөгү эң кымбат он бренддин катарына төмөндөгү компаниялар кирди:
- Amazon (369,9 млрд доллар);
- Nvidia (184,3 млрд);
- Кытайлык TikTok (153,5 млрд);
- Америкалык чекене соода тармагы Walmart (141 млрд);
- Түштүк кореялык Samsung (119,2 млрд);
- Facebook (107 млрд);
- Кытайлык State Grid компаниясы (102,4 млрд) кирди.
Рейтингинде эң көп брендге ээ өлкө – бул АКШ. Тизмеге кирген 500 бренддин 192си америкалык компаниялар. Андан кийин Кытай (68 бренд), Япония жана Франция (ар бири 33төн), Германия (26) жана Улуу Британия (25) болду.
Дүйнөлүк экономика жай өсүп жатканына карабастан, эң баалуу 500 бренддин жалпы наркы өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, 10,4 триллион долларга жеткен. Бренддер дүйнөлүк экономикалык өсүштөн 3,2 пайызга алдыда.
АКШ дүйнөлүк бренд рыногунун 53,4 пайызын ээлеп, жалпы наркы 5,5 триллион долларды түзөт. Кытайдын үлүшү - 15 пайыз (1,6 триллион доллар), Германия - 5,6 пайыз, Япония - 4,7 пайыз, Франция - 4 пайыз. Эң төмөнкү көрсөткүч Аргентинага таандык. Рейтингде анын бир гана бренди бар. Баасы 6 миллиард долларды түзөт.
Секторлор боюнча алганда, бренд наркынын эң чоң үлүшү банк тармагына туура келет. 79 бренддин жалпы баасы 1,3 триллион доллар. Андан кийин медиа, электроника, интернет жана программалык камсыздоо компаниялары, ошондой эле чекене соода тармагы орун алган.
Бир жыл ичинде бренд наркы эң көп өскөн компания - британдык финтех-компания Revolut (239 пайыз). Ал эми эң чоң төмөндөө Tesla компаниясында катталып, анын бренд наркы 35,8 пайызга азайган.