Германиянын өнүктүрүү банкы Өзбекстандагы бизнеске 26,5 млн евро багыттайт

Борбор Азия Загрузка... 20 Январь 2026 16:25
F_20 Ger.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.01.26. /Кабар/. Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) Өзбекстандагы микро, чакан жана орто ишкерликти колдоого жалпы суммасы 26,5 млн евро болгон насыя жана грант бөлөт. Бул тууралуу өлкө өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоор 2031-жылга чейин эсептелген. Жалпы каражаттын 23,5 млн евросу насыя катары берилсе, дагы 3 млн евро долбоорду ишке ашырууга байланышкан кеңеш берүү кызматтарына грант иретинде каралган.

Насыя каражаты эки бөлүк менен — ар бири 11,75 млн евродон берилет. Анын жеңилдетилген мөөнөтү 10 жылды түзүп, жылдык пайызы 2 пайыз болот.

Долбоорду ишке ашыруунун жооптуу органы катары Экономика жана каржы министрлиги аныкталды. Ал тартылган каражаттарды пайдаланууну координациялап, программанын максаттарына жетишине көзөмөл жүргүзөт.