Германияда ысык аптаптан улам 10 миңдей адам каза тапты

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-07-31 at 09.05.41 (1).jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Германияда быйылкы жайдагы ысык аптаптан улам 10 миңдей адам каза тапты. Бул тууралуу Германиянын Роберт Кох институтунун (RKI) маалыматтына таянып, Казинформ жазды.

Ага ылайык, 19-июлга карата ысыктан каза болгондордун саны 9800 адамды түздү. Адистер муну жайдын башында өлкөнү каптаган ысык аптаптын узак мөөнөттүү болушу менен байланыштырышат.

RKI улгайган адамдар ысыкка өзгөчө алсыз экенин белгилейт. Ысыктан каза болгондордун 7880и 75 жаштан жогорку курактагылар болгон. Андан тышкары, эркектерге караганда аялдар көбүрөөк каза болушкан. Бирок, муну улгайган курактагы топтордо аялдардын үлүшү жогору болгону менен түшүндүрсө болот.

Мурунку эң жогорку көрсөткүч 2018-жылы катталган, анда болжол менен 8900 адам каза тапкан. Адистер ысыкка кабылуу өлүмдүн түздөн-түз себеби экенин баса белгилешет. Адатта, өлүмдөр жогорку температуранын жана мурдатан бар болгон өнөкөт оорулардын айынан болот.

Эске салсак, июндун ортосунда Германиянын көптөгөн аймактарында абанын температурасы 40°C жеткенде 5000ден ашык өлүм катталган.