Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Берлинде таштандыга каршы күрөшүүнүн жаңы жолдору изделүүдө. Бул тууралуу Kazinform агенттиги BILD басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, ушул жайда туристтер Шпрее дарыясынан (Германиянын чыгышындагы дарыя) таштандыларды чогултуп, анын ордуна бонустарды же арзандатууларды ала турган атайын схеманы ишке киргизүү пландалууда.
Бул демилге шаар конокторунун каражатын үнөмдөөгө шарт түзүп, Берлиндин жээктеринин таза болушуна өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Ошол эле учурда Германиянын борборунда тазалоо иштери да күчөтүлдү.
Алсак, таштанды таштагандар үчүн айып пулдар бир топ жогорулады:
- Желим стакан таштагандар үчүн: айып пул 55 евродон 250 еврого чейин көбөйөт.
- Чыгымдар: 2025-жылы эле шаардык тазалык кызматы таштандыларды тазалоого 13 млн евро сарптаган.
Учурда Берлиндин бардык 12 районунда атайын инспекторлордун санын 68ге чейин көбөйтүү пландалууда. Алар тамеки калдыктары жана желим баштыктар сыяктуу майда эреже бузууларды гана көзөмөлдөбөстөн, көйгөйлүү аймактарга курулуш калдыктарын, матрастарды жана эски электроникаларды мыйзамсыз таштагандарды да аныкташат.