Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. АКШнын Гавайи штатында акыркы 20 жылдагы эң күчтүү суу ташкынынан улам 2 миңден ашуун тургун электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жамгыр буга чейин эле кыш мезгилинен кийин ным болуп турган жерге жаап, абалды ого бетер татаалдаштырган. Ал тургай суулардын агымы үйлөрдү жана унааларды агызып кеткен учурлар катталган. Жалпы чыгымдар 1 миллиард доллардан ашат. Анын ичинде зыянга учураган жолдор, аэропорт, мектептер жана ооруканалар бар.
Селдин күчөшүнөн улам алгач Гонолулунун түндүгүндө жайгашкан аймактардан 5,5 миң адам эвакуацияланары жарыяланып, кийинчерээк бул чечим токтотулган. Ошол эле учурда куткаруучулар суу деңгээли тез көтөрүлүп жаткан аймактардан 200дөн ашуун адамды коопсуз жерге көчүрүшкөн.
Жакынкы сутканын ичинде жарыксыз калган абоненттердин электр энергиясы калыбына келтирилет.