Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Гавайи аралдарында жайгашкан Килауэа вулканы атыла баштады. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматына таянып, Известия билдирди.
Маалыматка ылайык, вулкандын Халемаумау кратеринде лава фонтандары жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:17де атылып баштаган жана учурда дагы уланууда.
Ошондой эле Гаваи вулкандары улуттук паркындагы байкоо аянтчаларынын аймагында көлөмү футбол тобундай болгон күл бөлүкчөлөрү табылды.
Адистердин маалыматына караганда, түштүк жана түндүк кратерлерден атылып чыккан лава фонтандарынын бийиктиги 400 метрге чейин жетүүдө.