Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Абдукаимов бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди. Жаңы башкы машыктыруучуга улуттук кураманы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлөт.
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын А категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку Лиганын "Талант" клубун жетектеген.
Ошондой эле ал Кыргыз футбол биримдигинин машыктыруучуларды даярдоо курстарында жана семинарларында инструктор катары иш алып барып келет.