Футбол: Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Спорт 25 Август 2026 16:10
4201960.7db44a13543.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Роберт Просинечки Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташууну токтотуу тууралуу чечим аткаруу комитетинин чечими менен өз ара макулдашуу негизинде кабыл алынды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Роберт Просинечки улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган.