Футбол: Канада Түштүк Африканы жеңип, дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына чыкты

Дүйнө Загрузка... 29 Июнь 2026 08:50
0a368cb1-b555-4928-9bf5-b43ab335ae0f.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Канаданын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын 1/16 финалында Түштүк Африка Республикасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Интерфакс агенттиги билдиргендей, беттеш АКШнын Инглвуд шаарында өттү.

Оюндагы жалгыз голду Стефен Эуштакиу киргизди. Бул жеңиш менен Канада курамасы тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына жолдомо алды.

Эми канадалыктар чейрек финал үчүн болгон таймашта Нидерланд жана Марокко командаларынын беттешинде жеңишке жеткен тарап менен кез келет.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионат АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө.

Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курама командасы.