Футбол: Бразилия Японияны жеңип, 1/8 финалга чыкты

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2026 09:10
112dbc40-0fe1-4b7e-9737-977c63151ae1.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бразилия курама командасы 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Японияны утту, деп билдирет Kaзинформ.

Маалыматка ылайык, АКШнын Хьюстон шаарындагы "Эн-Эр-Жи" стадионунда өткөн беттеш 2:1 эсебинде беш жолку дүйнө чемпиондорунун пайдасына аяктады.

Япон оюнчулары биринчи болуп гол киргизишти: жарым коргоочу Кайсю Сано 29-мүнөттө эсепти ачты. Тыныгуудан кийин Бразилия 56-мүнөттө Каземиронун так соккусу менен эсепти теңдеди.

Кошумча берилген 6-мүнөттө чабуулчу Габриэль Мартинелли Бразилия үчүн чечүүчү гол киргизди.

Ошентип, Бразилия курамасы дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына чыкты, анда алар Кот-д'Ивуар менен Норвегиянын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойношот.

2026-жылдагы ФИФАнын дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Аргентина учурдагы дүйнө чемпиону.