Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык күйөрмандар үчүн иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Дүйнө чемпионатындагы кыргызстандыктар" деп аталган демилге Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен биргеликте уюштурулууда.
Демилгенин максаты кыргызстандык футбол күйөрмандарын жана диаспора өкүлдөрүн бириктирүү, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуу, кыргыз-америкалык гуманитардык байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Кампаниянын алкагында оюндар өтүүчү шаарларда күйөрмандардын жолугушууларын уюштуруу, фанаттык коомчулуктарды координациялоо, маалыматтык жана консультациялык ишеним телефонун ишке киргизүү, ошондой эле дүйнөлүк футбол майрамында Кыргызстандын жаркын жана татыктуу өкүлчүлүгүн камсыз кылууга багытталган маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүү каралууда.
Учурда элчилик жана Кыргыз футбол биримдиги тарабынан Өзбекстан курама командасынын катышуусундагы беттештер өтө турган күндөрү – 23-июнда Хьюстон шаарында жана 27-июнда Атланта шаарында – бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Анын ичинде оюн алдындагы күйөрмандардын жолугушуулары, Кыргызстандын улуттук символикасын колдонуу, ошондой эле фото жана видео коштоо каралган.
FIFA World Cup 2026
FIFA World Cup 2026 – улуттук курама командалар арасындагы дүйнө чемпионатынын тарыхындагы 23-мелдеш болуп саналат жана тарыхта биринчи жолу бир эле учурда үч өлкөдө – Америка, Канада жана Мексикада өтөт.
Мелдеш 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өткөрүлөт. Тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө мурдагыдай 32 эмес, 48 улуттук курама команда катышат.
Оюндар төмөнкү 16 шаарда өтөт:
- АКШ: Атланта, Бостон, Даллас, Хьюстон, Канзас-Сити, Лос-Анжелес, Майами, Нью-Йорк/Нью-Жерси, Филадельфия, Сан-Франциско (Санта-Клара), Сиэтл;
- Канада: Торонто, Ванкувер;
- Мексика: Мехико, Гвадалахара, Монтеррей.
Дүйнө чемпионатынын ачылыш оюну 2026-жылдын 11-июнунда Мехико шаарындагы (Мексика) “Эстадио Ацтека” стадионунда өтөт.
Турнирдин финалдык беттеши 2026-жылдын 19-июлунда Нью-Йорк/Нью-Жерси аймагындагы (АКШ) "МетЛайф" стадионунда өткөрүлөт.