Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. ФИФАнын тарыхындагы эң ири турнир боло турган дүйнө чемпионаты 11-июнда башталат. Бул тууралуу BBC билдиргенин, Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, биринчи жолу 48 улуттук команда титул үчүн ат салышат жана беттештерди үч өлкө - АКШ, Канада жана Мексика өткөрөт.
Дүйнө чемпионаты бир айдан ашык убакытка созулат. Жеңүүчү 19-июлда MetLife стадионунда аныкталат.
Белгилей кетсек, 1930-жылы биринчи дүйнө чемпионатына 13 команда катышкан болсо, азыр бул сан 48ге чейин көбөйдү. Беттештердин саны да тарыхый рекордго жетти — күйөрмандарды 104 беттеш күтүп турат.
Дүйнөлүк чемпионаттын беттештери үч өлкөнүн 16 стадионунда өтөт. АКШ оюндардын көпчүлүгүн Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Майами, Даллас жана Атланта сыяктуу 11 жерде өткөрөт. Мексикада беттештер Мехико шаарындагы атактуу "Ацтека" стадионунда, ошондой эле Гвадалахара жана Монтеррейде өтөт. Канада биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатты Торонто жана Ванкувердеги стадиондордо өткөрөт.