Бишкек, 21.10.26 /Кабар/. Франциянын түштүгүндөгү бир катар аймактарды нөшөрлүү жаандан кийин суу каптады. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, 19-октябрда жааган катуу жаандын кесепетинен 20-октябрга караган түнү Эро департаментинен Буш-дю-Рон департаментине чейинки аймактарда дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада ондогон адамдарды коопсуз жайларга эвакуациялоого туура келген.
Аймактагы бир нече жол жабылып, айрым жерлерде суунун тереңдиги бир метрге жеткен.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 19-октябрда Буш-дю-Рон департаментинде дээрлик 190 миллиметр жаан-чачын жааган.