Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Францияда жергиликтүү муниципалдык деңгээлдеги шайлоолор өттү. Бул тууралуу Kazinform маалымдайт.
Анда белгиленгендей, бул шайлоолор Франция өлкөсүнүн саясий турмушундагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Анткени өлкө боюнча 35 миңден ашык коммунанын тургундары кийинки алты жылга жаңы мэрлерди жана муниципалдык кеңештин мүчөлөрүн шайлашты. Шайлоого 49 миллионго жакын жаран катышып, 900 миңге жакын талапкердин арасынан мэрлерди жана муниципалдык кеңештин мүчөлөрүн тандашты.
Эксперттердин айтымында, бул шайлоолор 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында саясий күчтөрдүн реалдуу абалын көрсөтүшү мүмкүн.
Францияда мэрлер калк арасында эң ишенимдүү кызмат адамдарынын катарына кирет. Жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөр — жол, инфраструктура, коопсуздук жана социалдык маселелер шайлоочулар үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Бул жолку шайлоолор 2020-жылдагы муниципалдык шайлоого караганда ийгиликтүүрөк өтөт деп күтүлүүдө. Ал кезде добуш берүүгө келбегендердин үлүшү 55,3 пайызды түзүп, шайлоо COVID-19 пандемиясынын таасиринен улам олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон.