Францияда 36 күндүк жамгырдан кийин "Педро" бороону башталды

Дүйнө Загрузка... 19 Февраль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-02-19 at 08.40.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Францияда өлкөнүн метеорологиялык тарыхында жаан-чачын 36 күн тынбай жаап, рекорддук көрсөткүч катталды. Бул тууралуу Интерфакс BFM TV каналына шилтеме келтирип билдирет.

Маалыматка ылайык, метеорологдор өлкөдө 14-январдан бери тынымсыз жаан-чачын болорун айтышкан.

Мурунку рекорд 2023-жылдын күзүндө коюлган, анда Францияда 32 күн катары менен жаан-чачын катталган.

Францияга "Педро" бороону да келди. Метеорологдордун маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы саатына 90-140 чакырымга жетет.

Учурда бир катар департаменттерде катуу жаан-чачын жана суу ташкыны коркунучунан улам эскертүүлөр берилди.