Францияда ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйдү

Дүйнө Загрузка... 29 Июнь 2026 15:20
77741041_605.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Францияда ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйдү, деп билдирет Казинформ.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында өткөн аптада абанын температурасы 40 градустан ашып, ооруканалар менен тез жардам кызматтарына болгон чакыруулардын саны кескин көбөйдү.

"24-июндан бери мурунку айларга салыштырмалуу болжол менен 1000 учурга көп өлүм катталды", — деп белгиледи Франциянын Коомдук саламаттык сактоо кызматы өз билдирүүсүндө.

Агенттиктин маалыматы боюнча, аптаптуу ысык Иль-де-Франс, Жаңы Аквитания, Бретань, Центр-Валь-де-Луар, Нормандия жана Пай-де-ла-Луар аймактарында байкалды. Каза болгондордун 85 пайызы 65 жаштан жогорку адамдар.

Парижде бийлик тез жардам кызматтарынын жүгүн азайтуу максатында дем алыш күндөрү коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салды. Ошондой эле ысык аба ырайынан улам Эйфель мунарасы жана Лувр музейи адаттагыдан эртерек жабылууда.

Акыркы күндөрү Европанын башка өлкөлөрүндө да абанын температурасы кескин көтөрүлдү. Жума күнү Улуу Британияда июнь айынын эң ысык күнү катталды. Метеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Саффолктогу Сантон-Даунхэм айылында температура 37,3 градуска жетти.

Белгилей кетсек, Испания менен Германияда да 40 градустан жогору ысык байкалууда.