Францияда төрөлүү деңгээли эң төмөнкү чекке түштү

Дүйнө Загрузка... 15 Январь 2026 09:07
17683061063904342750_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Францияда 2025-жылы төрөлүү деңгээли 1944-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү. Бул тууралуу АЗЕРТАДЖ агенттиги жазды.

Франциянын Улуттук статистика жана экономикалык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2025-жылы 654 миң бала төрөлгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 2,1 пайызга, ал эми төрөттүн эң жогорку деңгээли катталган 2010-жылга салыштырмалуу 24 пайызга аз.

Буга байланыштуу төрөт коэффициенти төмөндөөдө: 2024-жылы бул көрсөткүч 1,61 болсо, 2025-жылы бир аялга 1,56 бала туура келген.

"Бул — Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң төмөнкү деңгээл", — деп айтылат отчетто.