Францияда өмүрдөн өз эрки менен кетүүгө уруксат берген мыйзам жактырылды

Дүйнө Загрузка... 16 Июль 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-07-16 at 10.05.03.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Франциянын Улуттук ассамблеясы көп жылдык талкуулардан кийин өмүрдөн өз эрки менен кетүүгө (эвтаназия) көмөктөшүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти 291 депутат колдоп, 241и каршы чыкты. Бул тууралуу BBC кызматы жазганын Казинформ билдирди.

Мыйзам Франциянын Конституциялык кеңеши тарабынан жактырылгандан кийин расмий күчүнө кирет.

Өмүрдөн өз эрки менен кетүүгө айыккыс дарттын акыркы стадиясында турган жана чыдагыс физикалык же психологиялык азап тартып жаткан бойго жеткен жарандар гана укуктуу. Дарыгерлер бейтаптын өтүнүчүн 15 күндүн ичинде карап чыгып, акыркы чечимге эки күн убакыт беришет. Өлүмгө алып келүүчү дарыны бейтап өзү кабыл алат, эгер мүмкүнчүлүгү болбосо, процедураны дарыгер жүргүзөт.

Бул демилгени өлкө президенти Эмманюэль Макрон жана калктын көпчүлүгү колдогону менен, католик чиркөөсү жана медицина коомчулугунун бир бөлүгү кескин каршы чыгууда.

Учурда эвтаназия Испания, Нидерланды жана Бельгия сыяктуу бир катар Европа өлкөлөрүндө расмий мыйзамдаштырылган.