Францияда бороондон улам 850 миң үй-бүлө жарыксыз калды

Дүйнө 13 февраль 2026 15:00
Францияда бороондон улам 850 миң үй-бүлө жарыксыз калды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Франциянын түштүк-батышындагы 850 миң үй-бүлө "Нильс" бороонунан улам электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Известия RTL радиосу кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, суу ташкыны, катуу шамал жана кар көчкү коркунучунан улам 4 департаментте эскертүү жарыяланды.

Мындан тышкары, өлкө боюнча 32 департаментте да кырсыктардан сак болуу зарылдыгы айтылды.