Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Франциянын түштүк-батыш аймагында 110 миң гектар жерди суу каптады. Суу каптоолор 33 күндөн бери уланып келүүдө. Бул тууралуу France Info телеканалына таянып, ТАСС билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, эң көп жабыркаган аймактар - Гаронна, Луара жана Шаранта дарыяларынын өрөөндөрүндө жайгашкан шаарлар. Мен-и-Луара, Жиронда жана Ло-и-Гаронна департаменттеринде кооптуулуктун эң жогорку - кызыл деңгээли жарыяланды. Дагы 14 департаментте кызгылт сары деңгээлдеги эскертүү күчүндө.
Бийлик өкүлдөрү суу каптаган аймактардан тургундарды эвакуациялоону улантууда. 1600дөн ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.
Адистер Луара өрөөнүндөгү тарыхый мурастарга коркунуч жаралышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Аймакта белгилүү Блуа, Шамбор, Шенонсо жана Шомон сепилдери жайгашкан. Блуа сепили шаар мэриясына таандык болуп, табигый кырсыктардан камсыздандырылган эмес. Эгер тарыхый объектилер зыян тартса, өлкөнүн каржылык жоготуулары дагы да көбөйүшү мүмкүн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жалпы чыгым 3 миллиард еврого чейин жетиши мүмкүн.