Франция Европада биринчи болуп балдарга соцтармак колдонууга тыюу салды

Дүйнө Загрузка... 22 Июль 2026 09:30
e0c9264c0c_1945df016fd71ebcb0da5a9f6cb61b30.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Франциянын парламенти 15 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган мыйзамды биротоло бекитти. Бул тууралуу DW басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Жаңы эрежелер 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

Франция мындай чектөөнү киргизген Европадагы биринчи өлкө болуп калды. Бийлик өкүлдөрү бул кадамды өспүрүмдөрдүн коопсуздугун чыңдоо жана социалдык платформалардын терс таасирин азайтуу максаты менен түшүндүрдү.

Франциянын жасалма интеллект маселелери боюнча министри Анн Ле Энанфф өлкө Европада биринчилерден болуп "санариптик бойго жетүү" курагын киргизгенин билдирди. Буга чейин ушундай эле чектөө Австралияда кабыл алынып, 16 жашка чейинкилерге соцтармактарды колдонууга тыюу салынган.

Мыйзамдын негизги талаптары:

  • 1-сентябрдан тарта 15 жашка толо элек балдар социалдык тармактарда жаңы аккаунт ача алышпайт.
  • 4 ай ичинде платформалар буга чейин ачылган каттоо эсепти (аккаунттарды) толугу менен өчүрүүгө милдеттүү.
  • социалдык тармактар колдонуучунун жашын ырастоочу атайын механизмдерди киргизиши керек.

Платформа өкүлдөрү мындай чектөөлөрдү сынга алышканы менен, улуттук мыйзамдардын талаптарын аткара турганын билдиришти.