Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. Франция бийлиги Европа биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн талаптарды күчөтүп, окуу акысын олуттуу жогорулатууну пландап жатат. Бул тууралуу Le Parisien басылмасына таянып, Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган өзгөртүүлөр "Жогорку билим алуу үчүн Францияны танда" мамлекеттик программасына кирет. Анын максаты француз университеттеринин аброюн жогорулатуу. Чет өлкөлүк студенттер үчүн дифференцияланган төлөм системасы 2019-жылы эле киргизилгенине карабастан, азыркыга чейин ал чектелип келген. Евробиримдикке кирбеген студенттердин 10 пайызы гана жогорулатылган тариф менен окуйт.
Жаңы саясатка ылайык, университеттерге жапырт түрдө жеңилдик берүү чектелип, өзгөчө учурларда гана сакталат. Окуу акысынын болжолдуу өзгөрүүсү:
- Бакалавриатта: жылына 178 евродон 2 895 еврого чейин;
- Магистратурада: 254 евродон 3 941 еврого чейин жогорулайт.
Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул сумма дагы деле окуунун реалдуу баасынын болжол менен 30 пайызын гана түзөт. Ошол эле учурда колдоо чаралары сакталат: эң мыкты абитуриенттер грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ал эми университеттер чет өлкөлүк студенттердин 10 пайызын окуу акысынан бошото алат.
Реформа этап-этабы менен ишке ашырылып, учурда окуп жаткан студенттерге таасирин тийгизбейт. Мындан тышкары, стипендиялардын 60 пайызы жасалма интеллект, санариптик технологиялар, кванттык изилдөөлөр жана биотехнология сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга бөлүнөрү күтүлүүдө.