"Формула-1" чемпионаты учурунда энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштейт

Коом Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 18:10
WhatsApp_Image_2026_SF93JYn.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O "Кыргызстандын Гран-приси" эл аралык мелдешин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында пландалган бардык иштер аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш планынын алкагында бир катар иштер толугу менен аткарылды. Анда 2 чакырымга жакын аба жана кабелдик чубалгылар

тартылды. Жалпы үч даана трансформатордук көмөкчордон орнотулду.

Мындан тышкары, чемпионат өтүүчү күндөрү жооптуу объектилерди резервдик электр энергиясы менен камсыздоо үчүн тиешелүү локацияларга генераторлор даярдалып, жайгаштырылат.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы чемпионаттын жүрүшүндө электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн нөөмөт режиминде иш алып барат.