Флоридада жергиликтүү тургун лотереядан 800 млн доллар утуп алды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-07-31 at 06.45.56.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. АКШнын Флорида штатында белгисиз жаран "Mega Millions" лотереясынан 800 млн доллар өлчөмүндөгү джекпотту утуп алды. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул 2026-жылдагы эң ири лотерея утушу жана Mega Millions лотереясынын тарыхындагы көлөмү боюнча онунчу эң чоң джекпот.

Утуштун ээси азырынча ачыктала элек. Ал каражатты жыл сайын бөлүп төлөп алуу же салыктар кармалганга чейин 344,2 млн долларды бир жолку төлөм катары алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

БЕЛТА белгилегендей, ири утушка ээ болгондордун көпчүлүгү бир жолку төлөмдү тандашат. Федералдык салыктар кармалгандан кийин анын көлөмү болжол менен 261,6 млн долларды түзөт.

Белгилей кетсек, Mega Millions лотереясынын тарыхындагы эң ири джекпот 2023-жылдын август айында ойнотулуп, анда Флорида штатындагы компания 1,62 млрд доллар утуп алган.