Филиппинде сууга чөккөн кемеде 51 адам каза тапты

Дүйнө 11 февраль 2026 12:45
Филиппинде сууга чөккөн кемеде 51 адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Филиппинде сууга чөккөн кемеде каза болгондордун саны 51ге жетти. Бул тууралуу AFS-CBN News агенттиги маалымдаганын, БелТА жазды.

Ага ылайык, Trisha Kerstin 3 жүргүнчү кемеси Филиппиндин түштүгүндө январь айынын аягында Замбоанга шаарынан Жоло шаарына бара жатып, Басилан провинциясындагы Балук аралынын жанында чөгүп кеткен.

Жээктеги күзөт кызматынын маалыматы боюнча, суу астында издөө-куткаруу иштеринде суучулдар чөгүп кеткен кемеден үч чоң кишинин жана эки баланын сөөгүн табышкан.