Филиппинде "Бави" тайфуну 18 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 13 Июль 2026 13:00
808x539_cmsv2_d4f6efaa-06e6-5f37-88b4-5238b6d44fd6-9542673.avif

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Филиппинде "Бави" тайфуну жана анын кесепетинен күчөгөн муссондон улам каза болгондордун саны 18ге жетти. Дагы 12 адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Филиппиндин Жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына ылайык, каза болгондордун көбү жер көчкү алдында калып же сууга чөгүп кеткен. Жалпысынан табигый кырсык өлкө боюнча 562 миңдей адамга таасирин тийгизген.

Филиппиндин атмосфера, геофизика жана астрономия кызматынын маалыматына ылайык, "Бави" тайфуну түштүк-батыш муссонун күчөткөн. Өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөгөн жаан уланары күтүлүп, суу ташкыны жана сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда.

Жабыркаган аймактарда издөө-куткаруу топтору иштеп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Филиппиндин Жээк күзөт кызматынын маалыматына караганда, бороон-чапкынга байланыштуу жүздөгөн жүргүнчү деңиз портторунда калып калган.