Филармонияда залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды

Маданият 13 октябрь 2026 16:20
Филармонияда залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, бюсттун ачылыш аземине мамлекеттик жана маданият ишмерлери, ошондой эле манасчынын кызы катышты. Айкелди скульптор Тамила Маматова жасаган.

Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ал 1962-жылдан тартып Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылын кыргыздын руханий мурасын жайылтууга арнаган. Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы жана III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.