Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Быйыл өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын башталарына элүү күн калганда, ФИФА билеттерди сатуунун акыркы этабын баштады. Бул тууралуу Рейтерге шилтеме берип, Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, билеттер 104 беттештин баарына кезеги менен сатылат.
ФИФАнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 7 миллионго жакын билеттин ичинен 5 миллиондон ашыгы сатылган.
Уюм кошумча билеттер 19-июлдагы финалга чейин, бош орундарга жараша сатыла турганын айтты.
2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын финалы үчүн эң кымбат билеттердин баасы 10 990 долларга жеткени кабарланган.
Белгилей кетсек, 11-июндан баштап АКШ, Мексика жана Канадада футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беттештери башталат.