Ферганада I Тынчтык форуму өтөт

Борбор Азия Загрузка... 10 Октябрь 2025 15:40
photo_10.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.10.25. /Кабар/. 15–16-октябрда Фергана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан I Тынчтык форуму өтөт.

Форумдун негизги максаты — чек ара аймактарындагы тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөө, ошондой эле экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Иш-чарага БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жетекчилери, ишкерлер жана адистер катышат. Ошондой эле Баткен, Согди жана Фергана облустарынан да өкүлдөр келет.

Форумда жакшы коңшулук мамилелерин чыңдоо, соода жана инвестицияны өнүктүрүү, маданий алмашууну кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланат.

Серепчилердин баамында, Тынчтык форуму чек ара аймактарынын өз ара пикир алмашуусун жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.