Европанын жер астындагы жаратылыш газынын кору 30%га чейин төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 02 Март 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-03-02 at 08.22.43.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Европанын жер астындагы кампаларындагы жаратылыш газынын корлору 30%га чейин төмөндөдү. Бул тууралуу "Газпром" компаниясынын маалыматына таянып, БелТА агенттиги билдирди.

Анда белгиленгендей, газ февраль айынын аягындагы байкоодо эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөттү.

Европада экономикасы жагынан алдыда болгон Германия менен Францияда жер астындагы газ сактоочу жайлардын кубаттуулугу аймактагы орточо көрсөткүчтөн бир топ төмөн болуп, 20,6% жана 21,4%ды, ал эми Нидерландыныкы 10,7%ды түзөт.

Европанын газ сактоочу жайларынан газ алуу сезону адатта марттын аягына же апрель айынын ортосуна чейин созулгандыктан, азыркы кырдаал корлорду толуктоо милдетин бир аз кечеңдетери айтылууда.

Буга чейин ТАСС Европа биримдигинин өлкөлөрү жай мезгилинде кампаларга куюлган бардык газды колдонуп, мурунку жылдардан калган корлорду сарптап жатышканын кабарлаган.